Адам тууралуу кызыктуу 15 факт.
- Дүйнө жүзүндөгү адамдардын 7 пайызы гана сологойлор.
- 4 жашар бала орточо эсеп менен күнүнө 450 суроо берет.
- Адам көргөн түшүнүн 90 пайызын унутуп коёт.
- Аялдардын жүрөгү эркектердикине караганда алда канча тез согот.
- Адам мээси өмүр бою 1 квадриллион (1 миллион миллиард) бит маалымат сактай алат.
- Адамдын көзү жалпысынан эмоциянын 55 пайызын билдире алат.
- Адамдын денеси суусаганга да, ачкачылыкка да туруштук бере алат, бирок уйкунун жетишсиздигине чыдай албайт.
- Адамдын чачы түнкүсүн тез өсүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок күнүнө болжол менен 100дөн ашык түк түшөт.
- Адам жумасына болжол менен 25 миң жолу көзүн ирмейт.
- Орто эсеп менен адам бир күндө 4800 сөз сүйлөйт.
- Адам урушкандан соң, «ушул жерде бул нерсени айтсам болмок экен» деп ойлонот.
- Үч жашар бала бир эле учурда 200 чоң адамдын үнүндөй күчтүү үндү чыгара алат.
- Адам мурду 50 миң түрдүү жытты сезип, эсте сактай алат.
- Адамдын денесиндеги эң күчтүү булчуң болуп тил эсептелинет.
- Адам көзүн ачып чүчкүрө албайт.