7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адилет Малдыбаев: Мэрия ЖЭБди балансына өткөрүп алууга даяр эмес

907

Бишкек мэриясы каражаттын жетишсиздигинен улам ЖЭБди балансына өткөрүп алууга даяр эмес. Бул тууралуу Бишкектеги брифингдин жүрүшүндө мэриянын борбордук аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Адилет Малдыбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын жылдык бюджети 10 млрд сомду түзсө, ЖЭБди камсыздоого эле 5 млрд сом керектелет.

«Объектти мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнү кабыл алуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, атап айтканда, Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен жүзөгө ашырылат. Биздин жылдык бюджет 10 млрд сомду түзөт, ал эми ЖЭБди камсыздоого 5 млрд сом керек керектелет. Бизде каражат жетишсиз. Өткөрүп берүү маселеси каралган, бирок кабыл алуу маселеси талкууланууда”, — деди Адилет Малдыбаев.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек ЖЭБин шаар мэриясынын балансына өткөрүү тууралуу маселе көтөрүлгөн болчу. Ал эми маселе мэрияда каралып жаткандыгы айтылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

908