7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

9

Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирет.

«Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Орозбеков Адилет Орозбекович Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды», — делет маалыматта.

Маалымдама: Адилет Орозбеков 1978-жылы туулган. Кыргызстан эл аралык университетин «Дипломатия жана эл аралык укук» адистиги боюнча аяктаган, кийинчерээк Россия Федерациясынын ФКК Академиясында окуган.

Кыргыз, орус жана англис тилдерин билет.

Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык ченине, полковник аскердик наамына ээ.
Эмгек жолун 2001-жылы улуттук коопсуздук органдарында ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер болуп баштаган жана 2017-жылга чейин ар кандай, анын ичинде жетекчилик кызматтарда иштеген.

2007-2009-жж. – КР УКК конституциялык түзүлүштү коргоо башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

2009-2010-жж. – КР УКМК эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, башкармалыктын башчысынын орун басары – КР УКМК эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

2012-2017-жж. – КР УКМК антитеррордук борборунун башкы эксперти;

2017-жылдан баштап тышкы иштер министрлигинде, Шанхай кызматташтык уюмунун иштери боюнча улуттук координатордун аппаратында иштеген;

2017-2019-жж. – Пекиндеги Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын референти;

2023-2024-жж. – КР Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун эксперти;

2025-жылдын декабрынан азыркы убакытка чейин – КР Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын коргоо, укук тартиби жана коопсуздук бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору болгон.

10