Пара жеңил атлетика боюнча курама команданын мүчөсү Адилет Камчыбеков Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираты) өткөн Дүйнө Гран-При мелдешинде коло медалга ээ болду.
Мелдеш 6-13-февраль күндөрү өтүп, жалпы 52 өлкөдөн келген 500 ашык спортчу катышкан.
Курама команда башкы машыктыруучу Алмаз Абировдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.