7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Адилет» партиясынын шайлоо боюнча штабында тинтүү жүргүзүлдү

411

«Адилет» партиясынын штабында добуш сатып алуу фактысы боюнча тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдирди.

Маалыматка караганда, И.Н. аттуу талапкер 55 500 сомду 113 шайлоочуга алардын добушун сатып алуу үчүн берген жана 1000-2000 сомдон 17 кишиге электрондук капчык аркылуу которгон. Бул А.И. аттуу талапкер үчүн жасалганын кошумчалашты.

«Көрсөтүлгөн жагдайлар И.Н. жана «Адилет» саясий партиясынын шайлоо штабын жана жашаган жерин тинтүүдө алынган документтер менен тастыкталды. Жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө И.Н. Кылмыш-жаза кодексинин «Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» беренеси менен айыпталды», — деп айтылган билдирүүдө.

Эске салсак, 17-ноябрда 249 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Анын ичинде Бишкек жана Ош шаардык кеңештери бар.

 

412