Бүгүн, 12-сентябрь Жалал-Абад облусунун Аксы районунда «Тегене» таш көмүр кенинин ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылыш аземине “Кыргызкөмүр” ААКнын башкы директору Рустамбек Садыралиев жетекчилик кылды.
«Тегене» көмүр кени Таш-Көмүр шаарынан болжол менен 30 чакырым түндүктө жайгашкан. Кен эки участокту — «Карьердик талаа» жана «Тегене-Шахталык» участокторун камтыйт.
«Тегене» кенинин көмүр запасы 57,077 млн тоннаны түзөт. Лицензиялык участоктун аянты 2 260,56 гектарды түзөт. Көмүрдүн маркасы — Д (узак жалындап күйүүчү көмүр), ал эми жылуулук берүү жөндөмдүүлүгү — 7 336 ккал/кг.
Кенди өздөштүрүү көмүр өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзөт.



