7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров “Talasia” ишканасы менен бирге 60 өнөр жай объектисин ишке киргизди

10

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты.

Таластагы долбоорду ишке ашырууга 200 млн сом салынган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына болжол менен 40 миң тонна төө буурчакты түзөт жана 100 жумуш орду түзүлгөн. Ишкана заманбап жабдуулар менен жабдылган. Өндүрүлгөн продукциянын сапаты жана коопсуздугу өзүнүн лабораториясында көзөмөлдөнөт.

Иш-чаранын алдында Президент Садыр Жапаров заводдун инфраструктурасы, даяр продукция менен таанышып, технологиялык жабдууларды ишке киргизди.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Талас өрөөнүнүн түшүмдүү жерлери жана жагымдуу жаратылыш шарттары айыл чарбасын, өзгөчө баалуу техникалык жана дан буурчак өсүмдүктөрүн өстүрүүнү өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн айтты.

“Таластык мээнеткеч дыйкандардын маңдай теринен жаралган түшүмдү бир топ жылдан бери жөн гана сырьё катары сыртка сатылып келе жатты эле. Эми өзүбүздө кайра иштетип, даяр продукцияга айландыруу мүмкүнчүлүгүн түзүп жатабыз.

Албетте, бул – абдан маанилүү иш. Анткени өндүрүш бар жерде – жумуш орду бар. Жумуш орду бар жерде – үй-бүлөнүн кирешеси, айылдын экономикасы жана жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү өсөт. Дыйкан өзүнүн продукциясына туруктуу рынок таба алса, жерин иштетүүгө, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана өндүрүштү кеңейтүүгө дагы көбүрөөк кызыкдар болот эмеспи”, — деди Мамлекет башчысы.

Ал бүгүнкү күндө Кыргызстанда өндүрүштү өнүктүрүүгө, ишкерлерге шарт түзүүгө, инвестиция тартууга жана жаңы жумуш орундарын ачууга өзгөчө көңүл буруу уланып жатканына токтолду.

“Эгемендигибиздин 35 жылдыгына карата өлкөбүз боюнча бир эле учурда бир канча объектилердин ишке кирип жатканы –мунун ачык далили.

Бүгүн курулуш материалдарын өндүрүү, логистика жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, энергетика жана башка багыттардагы онлайн ачылып жаткан 60 өнөр жай обьектиси, жыл соңуна чейин ачыла турган дагы 50дөй обьекти жаңы ата мекендик продукциялардын жаралышын шарттайт, кошумча жумуш орундары түзөт, экспорттук дараметибизди арттырат. Мына ушундай өндүрүштүк чынжыр Кыргызстандын экономикасын бекемдейт!

Бул өндүрүш обьектилери – маарекелик иш-чарага карата эле жасала калган иш эмес. Алар өлкөбүздө өндүрүштү жандандырууга багытталган буга чейинки системалуу иш-аракеттердин жыйынтыгы”, — деп белгиледи Президент.

Иш-чаранын соңунда Мамлекет башчысы тургундар менен баарлашып, аларды тынчсыздандырган айыл аймактарын өнүктүрүү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо, социалдык инфраструктураны жакшыртуу жана калктуу конуштарды мындан ары өнүктүрүүгө байланыштуу маселелерди укту.

11