Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын адвокаты Нурбек Токтакунов милициянын кайдыгерлигине нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, милиция кызматкерлери өздөрүнүн шалаакылыгын жашыруу максатында Айзаданын апасы жашаган айылга барып, кошуналарынан «Айзаданын жүрүм-туруму кандай кыз эле», — деп сурап жатышкан.
Айзада Канатбекованын адвокаты коомчулукка тергөө иштери боюнча маалымат берди. Тергөө иштери боюнча эки кылмыш иши козголгон. Адам өлтүрүү боюнча кылмыш ишин ШИИБ иликтесе, милициянын шалакылыгы боюнча кылмыш ишин УКМК тарабынан жүргүзүлөт. Иштин жүрүшүндө алар колдорунан келген аракеттерин жасап, мыйзамга тиешелүү бардык суроолорго жооп берип, тийиштүү органдар менен тыгыз иштеши керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, адам өлтүрүү жана милициянын шалакылыгы боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жаткан иликтөөчүлөр менен үч күндөн бери байланыша албай жатат.
Айзаданын сөөгүнүн табылганына 5 күн болсо дагы, тергөөчүлөр анын апасын жабырлануучу катары кабыл албай жатканын билдирди. Милиция кызматкерлери апасы жашаган айылга барып Айзада тууралуу «ал мындай кызбы, кандай кыз» деп сурашкан. Бул милиция кызматкерлеринин шалаакылыгын жашыруу максатында кылган иш аракети деп кабыл алсак болот. Айзаданын адвокаты аларга кайрылып, чогуу иш ал барууну суранды.
(Толугу менен шилтеме аркылуу кирип, видеодон көрүңүз)
Посмотреть эту публикацию в Instagram