7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Сен коӊшубуздун аялына келгенсиӊ» \Ошто меш оңдоого барган уста токмоктолду

5241

Досунун суранычы менен пар аркылуу жылытуучу мешти оңдоого барган уста, үй ээсинин коңшулары тарабынан токмоктолгон. Жабырлануучу 5-апрель Ош ШИИБине арыз менен кайрылып, аны урууга айыпталып 5 жаран кармалган. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма соз кызматы билдирди.
Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда жабырлануучу 1990-жылы туулган Н.Ж. досунун суранычы боюнча Ош шаарынын «Амир-Темир» кичи шаарчасындагы үйүнө 4-апрель күнү барып, жакшы иштебей жаткан пар аркылуу жылытуу системасын оӊдоп жаткан учурда белгисиз 5 адам киришип, «сен үй ээсинин аялына келдиӊ» дешип, досу тарабынан суранганы үчүн, мешти ремонтоо үчүн келгенине ишенбей, анын колу-бутун байлашып, көптөп токмоктошкон. Жабырлануучу барган машинанын желин чыгарышып, анын мамлекеттик номерлерин өз алдынча чечип алып коюшкан. Ага тиешелүү «Самсунг А-51» үлгүсүндөгү телефонун дагы тартып алышкан. Токмоктоп жатышып, суракка алышып, өз уюлдук телефондоруна тартышкан. Жабырлануучу качып кутулган.
Учурда бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 201-беренесинин (Тоноо)белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, бул кылмышка шектүү катары беш жаран Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алар: 1990-жылы туулган К.С., 1999-жылы туулган К.С., 1999-жылы туулган И.А., 1982-жылы туулган М.И. жана бешинчиси 1989-жылы туулган М.К.Бардыгы теӊ үй ээсинин коӊшулары.
Учурда жабырлануучунун жаратынын оор-жеӊилин билүү максатында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5242