7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев Эл аралык тоолор күнү менен куттуктады

9

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан жарандарын Эл аралык тоолор күнү менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун тексти:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Урматтуу эл аралык өнөктөштөр!

Сиздерди тоо жаратылышынын улуулугу жана ага аяр мамиле жасап сактоо жоопкерчилиги идеясы дүйнө жүзүндөгү адамдарды бириктирген Эл аралык тоолор күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Бүгүнкү күндө климаттык өзгөрүүлөр тоолуу аймактарда мөңгүлөрдүн эриши, кар катмарынын азайышы, көчкү, сел жана суу ташкыны, токойлордун деградациясы жана биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу түрүндө болуп жаткандыктан, тоолордун абалы жана алардын арасында жашаган адамдардын тагдыры бизден климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууну жана тоо экосистемаларынын жана жамааттардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча чечкиндүү аракеттерди талап кылууда.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгесине жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын резолюциясына ылайык глобалдык деңгээлде Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттер ишке ашырылууда. Биздин өлкө өнөктөштүктү бекемдөө менен эл аралык аренада Тоо күн тартибин алга жылдырууга олуттуу салым кошууну улантууда. Улуттук деңгээлде биздин мамлекет инфраструктураны өнүктүрүү, жолдорду модернизациялоо, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, туризмди, айыл чарбаны, жашыл экономиканы жана энергетиканы колдоо, ошондой эле социалдык мекемелер тармагын кеңейтүү жолу менен тоолуу аймактардагы калктын жашоо-турмушунун социалдык-экономикалык шарттарын жакшыртуу боюнча этап-этабы менен чараларды көрүүдө.

Бул символикалык күнү мен Кыргызстандын бардык жарандарын, өнөктөштөрүн жана досторун тоолорду туруктуу өнүктүрүүгө өз салымын кошууга: жаратылышка багытталган чечимдерди кабыл алууга, тоолорубуздун флорасы менен фаунасын коргоого, инновацияларды, экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө жана бул багыттарда эл аралык кызматташтыкты алга жылдырууга чакырам.

Биологиялык ар түрдүүлүктү, салттуу билимдерди жана жаратылыш менен гармонияда жашоо тартибин сактоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, бийик тоолуу жайлоолорбу же түбөлүк кар турган мөңгүлөрбү, тоо экосистемаларын сактоо – бул бизден жана келечек муундардан ата-бабалардын мурасына аяр мамилени талап кылат.

Тоолор бизге күч-кубат, эргүү жана келечекке ишеним тартууласын.

Алар бардык элдер үчүн тынчтыктын, ынтымактын жана туруктуу келечектин символу бойдон калсын.

Майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештер!

Эл аралык тоолор күнү менен!”

10