7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлик кыргызстандыктарды жаңы жылда салюттан баш тартууга чакырды

239

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаңы жылдык салюттардан баш тартууга чакырат.

Ведомствонун маалыматы боюнча, мындай чечим пиротехниканын атмосфералык абага тийгизген терс таасирине байланыштуу. Анткени кыш мезгилинде абаны булгоочу заттардын концентрациясы кескин жогорулайт. Мындан тышкары, пиротехникалык буюмдар олуттуу көлөмдөгү тиричилик таштандыларын чыгарат жана өрт чыгуу коркунучун жогорулатат.

Министрлик салюттардын ордуна заманбап экологиялык таза альтернативалар — жарык инсталляцияларын колдонуу, дрондук шоуларды уюштуруу майрамдык атмосфераны айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен сактоого мүмкүндүк берерин белгилейт.

Буга байланыштуу ведомство тиешелүү мамлекеттик органдарга, шаар мэрияларына жана жергиликтүү бийлик органдарына өтүп жаткан майрамдык сезондо жаңы жылдык салюттардан баш тартууну камсыз кылууну сунуш кылат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

240