7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту

116

2025-жылдын 18-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана делегациялары менен бирге Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жолугушуу Россиянын президенти Владимир Путиндин саламдашуусу менен башталды.

«Баарыбыздын бир жалпы максатыбыз бар – Евразия континентиндеги жана жалпы эле дүйнөдөгү эң ири аймактык бирикмелердин бири катары ШКУнун кадыр-баркын жана таасирин жогорулатуу. Өкмөттөргө, албетте, конкреттүү практикалык ишти жолго салууда, уюмга мүчө мамлекеттердин көп пландуу өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү боюнча иште өзгөчө роль таандык. Практикалык иштерге келгенде өкмөттөрдүн ролу ар дайым өзгөчө», — деп белгиледи Владимир Путин.

Андан соң Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев жана ШКУнун өкмөт башчылар кеңешинде төрагалык кылуучу Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода сөз сүйлөштү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

117