7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев Түркмөнстанда БУУнун конференциясында сөз сүйлөдү

16

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясынын ачылышында, деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан 32 өлкө тобунун атынан сөз сүйлөдү.

Алгач минкаб башчысы Адылбек Касымалиев деңизге чыга албаган, төрт континентте 570 миллиондон ашык адамды түзгөн 32 өнүгүп келе жаткан өлкөнүн делегация башчыларына жана жалпы катышуучуларга президент Садыр Жапаровдун жылуу саламдарын жолдоду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев  деңизге чыга албаган өлкөлөрдү өнүктүрүүдө,  өнөктөштөрдү каржылык колдоо көрсөтүүгө гана эмес, билим берүү, техникалык жардам көрсөтүү жана инвестициялык кепилдиктерди берүүгө чакырды.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө акыркы жылдары Кыргызстан эл аралык маанидеги автомагистралдарды жакшыртуу жана өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүп, ошону менен бирге «аба эркиндигинин» бешинчи даражадагы саясатын киргизгенин жана Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу Кытайдан Жакынкы Чыгыш, Европа жана Түштүк Азия өлкөлөрүнө эң кыска кургактык жолун ачаарын, мындан тышкары Кыргызстан менен Тажикстандан Түштүк Азияга таза гидроэнергияны экспорттоого багытталган КАСА-1000 долбоорун  белгиледи.

«Биз үчүн транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны, логистиканы жана инвестициялык чөйрөнү өнүктүрүү жөн гана улуттук приоритет эмес, туруктуу өнүгүүнүн стратегиясынын негизги элементи болуп саналат»-деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев сөзүн жыйынтыктап жатып бардык өлкөлөргө жалпы баалуулуктар, туруктуу өнүгүү жана гүлдөп-өсүү боюнча жалпы максат аркылуу   «деңизге чыга албаган» статусунан «дүйнө менен байланышкан» статуска өтүүнү каалады.

17