7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аэропорттон 5 ителгини алып чыгууга аракет кылган чет элдик жаран кармалды

310

ТИИБдин Аба транспортогу ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери “Манас” аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 22-ноябрь күнү таңкы саат 05.30 чамасында “Манас” Эл аралык аэропортунун жүк ташуучу терминалынан коңшу мамлекеттердин биринин жараны 1995-ж.т. С. Д. кол баштыгынан 5 даана кызыл китепке кирген ителги табылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, чет мамлекеттердин биринин жараны С.Д. беш ителгини, анын ичинен экөөсү өлүп калган ителгини алып кетүүгө аракет кылганы маалым болгон.

Аталган факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 293-беренеси (Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Кармалган жаран ЖПКнын 98-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган шектүүлөрдү аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштерди жүргүзүп жатат.  

Ички иштер министрлиги

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

311