7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Афганстанда го»-деп ойлогомун, бирок… Лейлектин ооруканасы талкууда

1909

КТРКнын журналисти Замир Казакбаев, медицина тармагындагы коррупция менен кайдыгерликтин айынан кароосуз калган аймактык оорукананын маселесин көтөрүп, талкуу жаратууда.

Пикирин өзгөртүүсүз сунуштайбыз.

«Лейлек районундагы Исфана шаарынын ооруканасы экен. Мен Афганистандагы бир оорукана го дегем. Кыргыз медицинасы ооруну алдын алууну кой, айыктырууну деле кой, жөн эле оорулууга шарт түзө албай калды. Болбосо, ооруган жан акчасын эч нерседен аябайт, карыздаса дагы табат. Оорукананын кассасына былчыйта төлөйт. Мунун баарын мыйзамдаштырып алышкан. Ушундай заманда оорубай эле өлүп калгысы келгендер деле толтура. Коррупциянын туу чокусуна жеткен Кыргыз медицинасына наалат! Ооба, пандемия учурунда алкыш айттык. Айтпаска чарабыз барбы? Өзүбүздө жайнап турса башка жактан алып келмек белек анан дарыгерлерди? Оорукана көп, оорулуубуз андан көп. Болбосо алдын алуу же профилактика кылганыңарды көрө элекпиз. Силер оорукчандын эсебинен акча жасаганды токтоткула! Оорукананы оңдогула, шарт түзгүлө! Күн түн колко кылбай иштегиле! Силер ант бергенсиңер! Акчаны ууштап эле атасыңар, кантип аш кыласыңар? Килтейген мамлекеттик клиникаларды менчиктеп алып отурасыңар, бетиңерди табактай кылып. Тилегиңер жаман силердин. Ылайым эле ооруканаңар бош калса экен. Силер дагы иши жок чет өлкөлөп калсаңар экен! Жарандарыбыз Турция, Индия, Израилге окшогон мамлекеттерде дарыланып жатышат. Жыргаганынан барып атышат дейсиңерби? Жер көрөлү, эл көрөлү деп барып атышабы? Силерге ишенбеген үчүн да. Бул жакта шарттын жоктугунан да. Жөнөкөй оорукчанды кой, өзүңөргө өзүңөр ишенбеген үчүн чет жакта дарыланасыңар го.
Кудай деле пейилибизге, ниетибизге жараша жетекчилерди берет окшойт. Ушул заманда ушундай абалдагы оорукана бар экенине ишенүү өтө кыйын. Пост баардык дарыгерге тийбесин. Сөз ээсин табат!!! Жүрөгүм тилинип кетти. Катуу айтсам кечирим сурайм бирок чындык ачуу болот урматтуу дарыгерлер. Шайлоону күтпөй, көпөстөрдү күтпөй ашар жолу менен болсо дагы оңдош керек оорукананы….» -деп жазат өздүк баракчасына.

Бул телефонго тартылган сүрөттөр.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1910