Өткөн жекшемби 4-сентябрда АКШнын ар кайсы штаттарында жашаган кыргыздар Чикаго шаарындагы «Кыргыз борборуна» чогулуп, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын салтанаттуу белгилешти.
Бул тууралуу катышуучулар социалдык тармактарда маалымдады.
Маалыматка ылайык 3000ден ашуун мекендештер чогулуп, спорттун 11 түрү боюнча штаттар ортосунда мелдеш уюштурулган.
Анда кыргыздын улуттук оюну болгон Ордо, тогуз коргол, аркан тартыш жана башка оюндар ойнолгон.
Эске сала кетсек, Чикаго штатындагы «Кыргыз борборунун» ачылуу аземи 3-сентябрда болуп өттү.
Ал ыктыярчы мекендештердин уюштуруусу менен, мекендештердин жабыла кошкон акчалай салмына курулган.
Тагыраагы, ашар жолу менен акча чогултуп, 2 кабаттуу чоң имарат сатып алышкан. Ал жерде мекендештер үчүн бирин-бири колдоочу, кыргыздын каада-салт, маданияты менен таанышуу, кыргызча көңүл ачуу үчүн шарт түзүлгөн.
Атайын комуз, кыргыз-тил курстары уюштурулган.
Бул аракеттер, АКШда жашап жаткан мекендештердин балдары кыргызчылыкты, Ата-Мекенин, баалуулуктарын унутпаса деген аракеттен келип чыккан.