7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ага болгон сезимимди башкара албай койдум…

951

7-каналдын кат куржунуна келген каттардын бирин сунуштайбыз.

Турмушта тумчугабыз, туттугабыз, туңгуюкка кептелебиз, өз жолубузду таппай кыйналабыз. Мен деле бакытты туура эмес түшүнүп алып, азыр азабын чегип жатам. Өзүм карапайым үй бүлөдө чоңойгондуктан, көп нерсеге жетпей өстүм.

Жалгыз иним бар. Атам көп ичкендиктен, апамды көрсө эле кызылды көргөн букача эле качырып барып, көк ала кылып сабап жатып калчу. Ошентип, апам байкуш да оорулуу болуп төшөктө жатып калды. Атамдын мерездигин ошондо билдим, күнөөсүн мойнуна алгандын ордуна, апамды жемелеп, колу менен эмес жийиркеничтүү сөздөрү менен сабай баштады. Апамдын сабырына азыркыга чейин таң калып келем.

Бүткүл түйшүк менин мойнума жүктөлдү. Окуумду эптеп бүтүрүп, дароо эле тикмечи кошуна эжеге жалдырап отуруп, тиккенди үйрөнүп алдым. Иштей баштадым, инимдин дагы окуусуна кеткен бардык каржы маселесин өзүм көтөрдүм. Үйдөгү үч кишини багуу аябай кыйын болду. Ошондой күндөрдүн биринде, жумуштагы эжелер болуп эс алып отуруп калдык. Мына ошол жактан сүйүктүүмдү жолуктурдум. Аты Мелис. Күн алыс жолугуп турдук, өзүм көп нерсеге жетпей чоңойгонгобу айтор, ал берген белектер мени чексиз бактылуу кылчу. Мелистин өзүнөн дагы, анын мага кылган мамилесин аябай жакшы көрдүм. Атамдын урушканына карабай, түн-күн дебей жолугушууга кеткен учурлар көп болду. Менин жашоо шартымды билип калган Мелис, үйгө сыналгы, муздаткыч, айтор эмне керек болсо баарын алып берип жүрдү. Бирок, мен күткөн нерсени бере албады. А мен болсо качан үйлөнүү сунушун киргизет деп күн санап жүрүп калдым.

Бир күнү жумуштан кийин жолуктук, баарын ачык эле айтайын деп отурсам, телефонуна кат келди. Алаңдап эле мени карап «менин кетишим керек»- деп калды. Шек алдырбай телефонун тартып алдым, карасам эле “тезирээк келчи, балаңды ооруканага алып барыш керек”- деп жазыптыр. Бир нерсе деп айткыча эле, “макул анда, жолугабыз”- деп унаасын зуулдаткан боюнча кетти. Үйгө жетейин деп калганда, чоочун номурдан коңгуроо келди, алсам эле “балдарымдын убалынан коркпогон кандай немесиң”- деген сыяктуу ашатып сөккөн сөздөрдү сүйлөй берди. Көрсө, Мелистин аялы экен. Экинчисин, төрөйүн деп калган маалы тура…

Билинбегени менен аябай көнүп, байланып алыпмын. Канча чалып, үйгө келип жүрсө дагы кабыл ала албай койдум. Жарым жыл өткөндө кайрадан жолуктук. Ал дагы кокустук менен… Менин курбум менен, анын досу үйлөндү. Мендеги ага болгон сезимимди башкара албай койдум, акыры моюн сундум. Аялы менен ажырашып, мага үйлөнөм деген ниетин айтты. Макул болдум. Ошентип, бир аялдын көз жашы, балдардын убал- сообунан аттап өттүм. Мен эми Мелистин келинчегимин. Экөөбүз жакшы жашадык, болгону 3 жыл . Ал арада бир уулдуу болдук, бирок бирөөнү таштаган эркек, экинчисин таштабайт деп эч ким кепилдик бере албайт экен.

Мына азыр, Мелис башка кызды жандап жүрөт. Ал кыз дагы уялбай, кайда жүргөнүн, эмне кылганын мага жөнөтө берет. Убагында мен үчүн сыздаган аялынын кейпин, азыр мен кийип отурам. Эмне кылышты билбейм. Бир билгеним, жаш кыздарга дагы, аялы бар мырзаларга дагы айтаарым, үй бүлөнүн очогун өчүрбөгүлө дейт элем…

Даярдаган: Асель Жаныбекова.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

952