Бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев математика, физика жана информатика боюнча окуучулар арасында өткөн ХIX Эл аралык Жаутыков олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Казакстан тарабынан уюштурулган таймашка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн 1200дөн ашуун окуучу катышып, кыргызстандык 12 окуучу жеңишке жетишкен.
Төрага алдыңкы орунду багынткан келечек ээлерин жеңиши менен куттуктап, “1200 окуучунун ичинен алдыга озуп чыгып, ийгилик жаратканыңарды укканыбызда абдан кубандык. Бул жеңиш талыкпай окуп, күнү-түнү изденгениңердин үзүрү деп билебиз. Андыктан, силердей билимдүү жаштарыбыздын бар экени өлкөбүздүн келечегинин кең экенинен кабар берет” – деди.
Нурланбек Шакиев мугалимдерге жана ата-энелерине ыраазычылык билдирип: “Өлкөбүздүн келечеги билимдүү жаштардын колунда. Андыктан, алардын мыкты окуп, жакшы тарбия алуусу үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болушу кажет” – деди.
Жолугушуунун алкагында жеңүүчүлөрдүн ар бирине Жогорку Кеңештин атынан заманбап планшеттерди тапшырды.