7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ага-инилер бодо малдарды чек арадан өткөзүүгө аракет кылышкан». Ала-Букада аткезчилик фактысы аныкталды

727

Ала-Букада аткезчилик фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-апрель күнү саат 10:30 чамасында Ак-Там айылынан Өзбекстанга аткезчилик жол менен 4 баш бодо малды өткөрүп жаткан мезгилде Аксы районунун тургундары “Хундай Портер” үлгүсүндөгү автоунаа менен кармалышкан.

Аталган факты боюнча Ала-Бука РИИБдин маалыматтык электрондук журналына “Аткезчилик” (контрабанда) болуп катталган.

Териштирүү маалында Аксы районунун тургундары, бир тууган ага-инилер 4 баш өздөрүнүн бодо малдарын Өзбекстандын жаранына сатуу үчүн үйүнөн айдап чыгышкандыгы белгилүү болгон. Алар малдарды Аксы районунун Кара-Дөбө айылындагы чек арадан өткөрүүнү көздөшкөн. Бирок ал жерде чек араны караган Кыргызстандын жоокерлери тургандыктан өткөрө албай коюшкан.

Андан соң букаларды “Хундай Портер” үлгүсүндөгү автоунаага жүктөшүп, Ак-Там айылындагы чек арадан өткөрүү үчүн алып барышкандыгы белгилүү болгон.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

728