Бүгүн, 20-декабрь өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -1… +4, Талас жергесинде -2… +3, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +2… +7, Ысык-Көлдө 0… +5, Нарында 0… -5, градус болот. Бишкек шаарында абанын табы +1… +3 градусту түзөт.
Жолдор тайгак болот. Мындай аба ырайында узак жолго чыксаңыз жылуу кийинип, жаныңызга тамак-аш ала жүрүңүз. Унаа башкарууда аралыкты сактап айдаңыз!



