7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айзаданын апасы: Ал бала колун сураган, бирок кызым жок деп койгон

4487

Айзада Канатбекованын апасынын айтымында, кызы колун сураган кишиге турмушка чыгууга макул болгон эмес. Анткени экөөнүн ортосунда кыз-жигиттик мамиле жок болчу.

Киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова кызын ала качкан күнү эле түшкө маал Бишкектин Биринчи май райондук милициясына арыз жазганын журналисттерге айтты.

Ал милиция убагында кыймылдабай койгонуна нааразы болууда.

«Айзада саат алтылардан өтүп калганда сиңдиме телефон чалып, «Бактыгүл эже, мен келе жатам, тиги бала менен сүйлөштүм. Ош тарапка кетип бара жатканбыз, бирок кайра бурулуп Кара-Балта жакка жетип калдык. Бишкекке бет алдык, азыр барам» дептир. Тиги бала менен сүйлөштүр десе, ал сыртка чыгып кетти деп койду. Бирок бушайман болуп, кыйкырып сүйлөгөн экен. Ошол бойдон байланыш үзүлүп кетиптир», — деди апасы.

Шакенованын айтымында, кызы ал адам менен интернет аркылуу таанышкан, бирок кыз-жигиттик мамилеси болгон эмес.

«Ал бала колун сураганын, бирок кызым жок деп койгонун билем. Ал кишини жакындан тааныбасам, мага кереги жок деп айткан. Мага мунусун билдирген эмес, бирок акыркы айларда артынан аңдып, меники болбосоң апаңды бычак менен саям деп айтканын курбуларына айтыптыр. Негизи өзү окуусун жакшы бүтүп, түз жүргөн кыз болчу. Бир нече чет тилди билчү, жакында Түркияга барып иштеп келейин деп камынып жаткан», — деди апасы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4488