Бишкекте уурдалып каза болгон Айзада Канатбекованы 210го жакын милиционер издеген. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин жетекчиси Бакыт Матмусаев парламенттин жыйынында билдирди.
“-Ыкчам-иликтөө иштерине Бишкек ШИИБдин борбордук аппаратынын 150дөй, Биринчи май райондук милициянын 60тай кызматкери тартылган. Камераларды караганда Тыныстанов жана Медеров көчөлөрүнөн баштап Ак-Ордого чейин барганы көрүнгөн. Андан ары видео байкоолор жок болгон”, — деди Матмусаев.