Айбек Жунушалиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жунушалиев буга чейин министрлер кабинетинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенип келген. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Эскерте кетсек, Артём Новиков бүгүн Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы болуп дайындалды.