7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айбек Жунушалиев: «Бишкекте майыптыгы бар адамдарга ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө»

7

«Алга» спорт комплексинде Бишкек мэриясынын алдындагы майыптыгы бар жарандардын кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, иш-чарада майыптыгы бар адамдар үчүн жашоо сапатын жогорулатуу жана шаардык чөйрөнүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу маселелери талкууланды.

Ага мэр Айбек Жунушалиев жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана адистер катышты.

Шаар башчысы бардык жарандар үчүн тең укуктарды камсыздоо жана ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча туруктуу иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бүгүн биз жөн гана жыйынтык чыгаруу үчүн чогулган жокпуз. Биз күн сайын реалдуу турмуштук кыйынчылыктарга туш болгон адамдар жөнүндө сөз кылып жатабыз. Биздин жалпы милдет — ар бир жаран өзүн коомдун толук кандуу мүчөсү катары сезген келечекти куруу.

Биз социалдык системаны гана өзгөртүп жаткан жокпуз. Биз шаардын өзүн өзгөртүп жатабыз. Бүгүнкү күндө бардык жол курулуш иштери майыптыгы бар адамдардын муктаждыктары эске алынуу менен аткарылууда. Пандустар, атайын элементтер, унаа токтотуучу жайлар, үн чыгаруучу светофорлор, «акылдуу» аялдамалар, жеткиликтүү маршруттар — мунун баары азыр чындыкка айланды. Бишкек ар бир майыптыгы бар адам өзүн ишенимдүү, эркин сезе турган шаар болушу керек», — деди мэр.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучуларга мэриянын билим берүү, спорт жана майыптыгы бар адамдар үчүн шаардык инфраструктура боюнча учурда жүргүзүп жаткан демилгелери тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.

Талкууда шаардык чөйрөнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуштар берилип, көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун айтышты.

Иш-чаранын соңунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын чыгармачыл иштеринин көргөзмөсү уюштурулду.

8