7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айбек Жунушалиев эмне үчүн дайыма президенттин тапшырмасын аткараарын айтты

990

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев эмне үчүн дайыма Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткараарын айтты.

Ал Кыргызстандын башчысынын тапшырмаларын аткаруу үчүн Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалгандыгын баса белгиледи.

“А мен кимдин тапшырмаларын аткарышым керек? Башка өлкөнүн президентинин тапшырмаларын аткармак белем? Ал биздин президентибиз, Кыргызстандын президенти, биз өзүбүз шайлаганбыз. Биз анын тапшырмаларын аткарышыбыз керек”, — дейт Жунушалиев.

Ошондой эле мэр, 15 жылда чечилбеген маселелерди үч айдын ичинде чече албастыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, бүгүн, 9-декабрда Жунушалиев Жапаров жардам берем деп убадалаган “Жер Ынтымагы” конушунун тургундарына техпаспорт берди. Ошондой эле буга чейин  Жапаровдун тапшырмасы менен “ТЭЦ-2” районуна барып кайткан. Ушундан улам айрым массалык маалымат булактары мэр президенттин гана тапшырмаларын аткарат деп сындашкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

991