Бишкек шаарынын мэри Көлмө конушунун жашоочулары менен көрктөндүрүү маселелери боюнча жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардыктар мэрге турак жайдын аймагына жаңы бала бакча куруу, балдардын эс алуусу үчүн тосмолор менен тосулган спорт аянтчасын куруу жана башка маселелерди карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылышкан.
Мэр шаардык кызматтарга шаардыктардын көйгөйлөрүн белгиленген тартипте тез арада чечүүнү, узак мөөнөттүү долбоорлор боюнча борбор калаанын мэриясынын, акимчиликтердин иш планына киргизүүнү тапшырды.
Шаардыктар менен жер-жерлерден тышкаркы жолугушуулар, конуштарда текшерүүлөр уланууда.