Казакстандын Балхаш чоң көлүнүн жээгинде жайгашкан Улкен айылына атомдук электр станциясы курулат. Бул тууралуу маалыматты казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
«Кытайдан, Россиядан жана Франциядан келген подрядчылар Казакстандагы атомдук электр станцияларын алууга даяр — буга чейин республикага тиешелүү сунуштар берилген. Казакстанда кимдин технологиялары тандалары азырынча белгисиз. Чечимдерди кабыл алууда бүткүл спектр эске алынат – колдонулган технологиялардын коопсуздугу, курулган өзөктүк реакторлорду эксплуатациялоо боюнча мыкты тажрыйбалардын саны, ошондой эле Казакстанда күйүүчү майды локалдаштыруу мүмкүнчүлүгү», — деди мекеменин жетекчиси Алмасадам Саткалиев.