11-майдан 19-майга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин шаар тургундары менен жолугушат.
Иш-чаралар шаардын бардык райондорунда ачык форматта өтүп, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, муниципалдык кызматтардын иши жана тургундардын сунуштары боюнча маселелер талкууланат. Кызыктырган суроолоруңуз же түйшөлткөн көйгөйлөрүңүз болсо калаа башчысына билдириңиз.
Свердлов району:
11-май күнү саат 16:00дө жолугушуу Кыргыз-Россия Славян университетинде (КРСУ) өтөт. Дареги: Киев көчөсү, 44.
12-май күнү саат 16:00дө Ч. Айтматов атындагы лицейде болот. Дареги: Широкая көчөсү, 1а.
Биринчи май району:
13-май күнү саат 16:00дө райондун жашоочулары менен жолугушуу М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде өтөт. Дареги: Тоголок Молдо көчөсү, 58.
14-май күнү саат 16:00дө жолугушуу «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда болот. Дареги: Т. Абдумомунов көчөсү, 197.
Ленин району:
15-май күнү саат 16:00дө жолугушуу К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде өтөт. Дареги: Ч. Айтматов проспектиси, 24.
16-май күнү саат 16:00дө жолугушуулар Кыргыз улуттук университетинде уланат. Дареги: Фрунзе көчөсү, 547.
Октябрь району:
18-май күнү саат 16:00дө райондун тургундары мэр менен «Таберик» залында жолуга алышат. Дареги: Байтик Баатыр көчөсү, 17.
19-май күнү саат 16:00дө жолугушуу «Ала-Тоо» эл аралык университетинде өтөт. Дареги: Анкара көчөсү, 1/8.



