7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Сейшел Аралдарынын тышкы иштер министрин кабыл алды

257

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Сейшел Аралдары Республикасынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Форду кабыл алды.

Эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы Африка өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө умтулуп жатканына токтолуп, географиялык алыстыкка карабастан, кызматташууну кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгиледи. Тараптар ошондой эле инвестиция, туризм, финансы жана санариптик технологиялар жаатында кызматташуунун келечегин талкуулашты. Туризм тармагын өнүктүрүү жана санариптик трансформация боюнча тажрыйба алмашууга, ошондой эле “Тамчы” атайын каржылык инвестициялык аймагы жана “Учкун” ААК менен кызматташууну жолго коюуга өз ара кызыкдарлык белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-сейшел кызматташуусун мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты. Жыйынтыгында, Мамлекет башчысы Сейшел аралдарынын Президенти Патрик Эрминиге салам жолдоп, аны ыңгайлуу убакытта Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

258