Сокулукта маршрутканын айдоочусу өспүрүмдү сүзүп кеткен. 9 жаштагы бала окуя болгон жерден каза болгон. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.
Кырсык 1-апрель күнү саат 16:25 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунда болгон. Анда «Бишкек — Кара-Балта» маршруттук каттамында жүргөн “Мерседес бенц 313” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө өтмөктөн чуркап чыга калган 2015-жылы туулган баланы сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү көз жумган.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.