7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев: Коррупцияга каршы күрөштөн мамлекетке 40 миллиард сом түштү

458

Камчыбек Кыдыршаевич, саламатсызбы? Акыркы үч жылда сиз жетектеген Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК) коррупцияга каршы күрөштөн мамлекеттик казынага 20 миллиард сомдон ашык сумманы түшүргөндүгүңүздөр айтылды. Бул акчалар кайда? Сиздердин мекемеде калдыбы же республиканын бюджетине кеттиби?

-Саламатчылык, сиз бул суроого өзүңүз эле жооп берип жатпайсызбы? Коррупцияга каршы күрөштөн өндүрүлүп жаткан каражаттардын бир тыйыны да биздин мекемеде калбайт. Биздин андан бир тыйын да алып калганга укугубуз жок. Баары банктагы эсепке түшүп, түздөн түз республикалык казынага которулуп турат.

Жалпы ушул күндө казынага түшкөн каражаттар жөнүндө тактоо киргизип коеюн. 20 миллиард сом дегениңиз бер жагы, бир аз эскирээк маалымат. Бүгүнкү күндө накталай түрдө 40 миллиард сом каражат мамлекеттик бюджетке которулду. Эгерде биз мамлекетке толук өтүп бүтө элек акчалай, ошондой эле ар кандай кыймылсыз мүлк, мал, унаалар ж.б. түрүндөгү кирешелерди эске алсак, акыркы үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн түшүп жаткан сумма 100 миллиард сомдон ашып кетти. Сот иштери бүткөндөн кийин калган каражаттар да өндүрүлүп, түздөн-түз казынага барып түшөт.

Маектешкен Илязбек Балташев.

459