7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айдоочу «Тазалыктын» 61 жаштагы кызматкерин сүзүп кетип каза болду

1500

Бишкекте айдоочу «Тазалыктын» кызматкерин сүзүп кетип каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 18-декабрга караган түнү саат 01:20 чамасында Масалиев көчөсүндө болгон. 1976-жылы туулган Т.Н. аттуу айдоочу Хонда СРВ үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып 1960-жылы туулган Т.Ш. аттуу жаранды сүзүп алган. Жабырлануучу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкери болуп, ал ошол жерден көз жумган.

Айдоочунун мас экени наркологиялык борбордон аныкталып, унаа айып короосуна токтотулган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Эскерте кетсек, 12-декабрда дагы «Тазалыктын» кызматкери айдоочунун колунан каза болгон.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1501