7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы «Кыргыз Петролеум Компаниге» барды (ФОТО)

914

Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Кыргызнефтегаз» ААКнын алдындагы «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКда болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, завод 2020-жылы 47 миллион сомго зыян тарткан болсо, үстүбүздөгү жылы ишкананын таза кирешеси 160 миллион сомду түзгөн. Бул мунай өнүмдөрүнүн сегментинде жаңы рыноктордун өнүгүшүн камсыз кылат жана ТРТСтин Евро-4 жана Евро-5 ченемдик талаптарына жооп берет.

Ийгиликтүү көрсөткүчтөргө «Кыргыз Петролеум Компани» ААКка 100% ээлик кылган «Кыргызнефтегаз» ЖАК дагы жетишкен. Алсак, компаниянын үстүбүздөгү жылдагы таза кирешеси 2020-жылга салыштырмалуу 558 миллион сомдон 2,5 миллиард сомго (өсүү 4,5 эсеге), мунай өндүрүү 147 миң тоннадан 173 миң тоннага (1,2 эсеге өсүү), 2021-жылы салыктык чегерүү былтыркы жылдын ушул эле мезгилинде 884 миллион сомго (1,5 эсеге өскөн) өсүп 1,4 миллиард сомду түздү, 2020-жылы кайра иштетүү көлөмү 132 миң тоннаны, быйыл 165 миң тоннаны (өсүү 1,3 эсеге) түздү.

Садыр Жапаров быйылкы жылы ишкананын ишмердүүлүгүнүн оң динамикасын белгилеп, уурулук кылбай, таза иштөөгө болоорун белгиледи.

«Мен буга чейин бул жакка келип кеткем. Ишкананы жакшы сактап калыпсыздар. Бул багытта иш алып барган облустагы жалгыз ишкана. Өндүрүлгөн продукция өлкөнүн керектөөсүнүн 6-7% гана камсыздайт, бул жетишсиз. Завод жылына 500 миң тонна мунай иштетүүгө жөндөмдүү, аны ушул көрсөткүчкө жеткирүү зарыл», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы өлкөнүн бакубатчылыгы үчүн иштеп, мамлекеттик ишканалар ушундай жол менен жанданып жатканын баса белгиледи. Мисалы, «Манас» эл аралык аэропорту 3 миллиард сом таза киреше тапса, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы да кирешеси жок болсо, азыр анын таза кирешеси 1 миллиард 600 миллион сомду түздү.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

915