7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айдоочулук күбөлүгү жок аял 3 окуучуну сүзүп, бири көз жумду

1895

Ошто «Тойота» унаасынын аял айдоочусу жөө өтмөктөн 3 окуучуну сүзүп кетип, бирөөсү каза болду. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын тургуну 1987-жылы туулган М.М.Ж. 5-октябрда Жапалак айылында жол чырактын кызыл жарыгынан өтүп, жөө өтмөктөн 3 окуучуну сүзүп кеткен. Балдардын бири (2010-жылы туулган) алган жараатынан улам ооруканада каза болду.

«Айдоочу кыз 9-сентябрда дагы жөө өтмөктөн бир адамды сүзгөн, ошондой эле айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдап жүргөн. Андан кийин ал 15 миң сом айып пул менен кутулду», — деп билдиришти милициядан.

Учурда унаа айып короосунда турат. Материалдар Ош шаардык ички иштер башкармалыныны Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1896