7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айдоочулук күбөлүктөр эмне үчүн толук алмаштырылууда? Президент түшүндүрдү

5

Акыркы күндөрү айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу маселеси коомчулукта эки ача пикирлерди жаратууда. Айрыкча “эски күбөлүктөрдү сөзсүз алмаштыруу керекпи?”, “мөөнөт дагы узартылабы?” деген суроолор элди түйшөлтүп жатат. Бул маселенин келип чыгуу себептери, жасалма документтерге каршы күрөш жана “Түндүк” санариптик платформасындагы техникалык мүчүлүштүктөр тууралуу президент Садыр Жапаров кеңири түшүндүрмө берди.

Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич? Акыркы күндөрү айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча коомчулукта ажиотаж жаралууда. “Эски күбөлүктөрдү алмаштыруу керекпи же жокпу, мөөнөтү дагы узартылат экен” деген ар кандай кептер айтылууда. Мындай маселе эмнеден улам чыгып жатат?

Чынында эле айдоочулук күбөлүктөр маселеси 30 жылдан бери дээрлик каралбай келген. Биздин эски паспортторубуз да, ID-карталарыбыз (АйДи) да, айдоочулук күбөлүктөрүбүз да чет өлкөлөрдөн чыгарылып жүргөн.

Бирок алардын коргоо элементтери алсыз, сапатсыз болчу. Былтыртан тарта бардык мамлекеттик документтерди “Учкун” ишканасында чыгарууну баштадык.

Анын ичинде, техпаспорт, айдоочулук күбөлүк, унаалардын мамлекеттик номерине чейин өзүбүз чыгарып жатабыз. Сапаттары эң жогору.

Мурда чыгарылган айдоочулук күбөлүктөрдү, ID-паспортторду мигранттардын арасында башка улуттун өкүлдөрү жасалмалап саткан учурлар болгон. Азыр да ошол ID-паспорттор менен жасалма айдоочулук күбөлүктөрдү Россияда колдонуп жүрүшөт.

Биздин жасалма паспорттор менен террористтер да кармалган учурлар катталган.

Мындай көрүнүштөр Кыргызстандын аброюна, эл аралык имиджине доо кетирди.

Эми мындан ары мындай көрүнүштөр болбойт. Жасалма паспорт деген түшүнүк жоюлат.

Ошондуктан бул ишти баштадык. Эски күбөлүктөрдү бекер алмаштырып бүтүп, жокко чыгарып салсак, аларды бизде да, чет өлкөлөрдө да колдоно албай калышат.

Эмне үчүн дегенде азыркы учурда деле кээ бир жарандарыбыз Россиядан жасалма айдоочулук күбөлүктөрдү сатып алып, Кыргызстанга келип унаа айдап жүргөн фактылар бар.

Ушуга байланыштуу учурда мамлекеттик деңгээлде бардык айдоочулук күбөлүктөрдү жана башка расмий документтерди инвентаризациялоо, тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз.

Бул иштердин негизги максаты мыйзамсыз колдонулуп жаткан документтерди толук аныктоо, тартип орнотуу, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу жана мамлекетибиздин эл аралык аброюна шек келтирүүгө жол бербөө болуп саналат.

Ошондуктан эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн баарын жаңысына алмаштыруу чечими кабыл алынды.

Баса белгилей кетсем, жаңы үлгүдөгү документтердин коргоосу эң жогорку деңгээлде, аларды жасалмалоо мүмкүн эмес. Ушул себептен улам жарандарга “алмаштыргыла” деп айтаар элем.

— Айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү боюнча да суроолор көп. Айрымдардын күбөлүгү мөөнөтсүз, бирок “Түндүктө” мөөнөтү 2027-жылы, кээ бириники 2028-жылы бүтөт экен. Бул жагдайда кандай тартип болот?

Бул жерде так түшүндүрүп коёюн. Жогорудагы себептерден улам эски ID-карталарыбыз да, айдоочулук күбөлүктөрүбүз да алмаштырылууда.

Андыктан жарандарыбыз чет өлкөгө чыгууну пландап жатса да, “мен чет өлкөгө чыкпайм, Кыргызстан ичинде гана айдайм” десе да күбөлүктөрүн жаңыга алмаштырышы керек.

Айрымдарыныкы аты-жөнү окулбай, сүрөтү таанылбай калган абалга жеткен. Андыктан мөөнөтсүз күбөлүктөрдү толук алмаштыруу шарт.

Күбөлүктөрдү алмаштыруу кызматы дем алышсыз, тыныгуусуз саат эртең мененки 8:30дан кечки 23:00гө чейин көрсөтүлүүдө.

Буга чейин мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу №083 формадагы медициналык маалымкатты милдеттүү түрдө берүү менен жүргүзүлүп келген. Бул процессти жеткиликтүү кылуу жана жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү максатында мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүгү бар жарандар үчүн медициналык маалымкатсыз алмаштыруу тартиби кирди.

Медициналык маалымкат айдоочулук күбөлүктү өмүрүндө алгачкы жолу алып жаткандарга гана талап кылынат.

— Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн “Түндүк” порталы аркылуу да айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштырууга шарт түзүлдү. Анткени менен, тилекке каршы, акыркы убакта порталдын иштебей калган учурлары катталды. Мындай керектүү кезде системада мүчүлүштүктөрдүн жаралышына эмне себеп болду?

“Түндүк” системасы боюнча да так айта кетейин. Мурдагы өкмөттөр “санариптештирүү” деп сөз менен гана айтып келишкен, иш жүзүндө бул тармакка жетиштүү көңүл бурулган эмес. Каржы салынбай, серверлер алсыз болгон.

“Түндүк” сервердик инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого капиталдык салымдар салынбагандыгына байланыштуу, анын сервердик инфраструктурасын жакшыртуу максатында Президенттик фонддон 122,5 млн сом бөлүндү. Бул “Түндүк” платформасын модернизациялоого мүмкүндүк берет.

Учурда «Түндүк» ААК тиешелүү жабдууларды жеткирүүчүлөрдү тандап жатат. Мындан тышкары, “Түндүк” платформасын модернизациялоонун 1-этабын өткөрүү максатында республикалык бюджеттен 9,5 млн сом бөлүндү.

Натыйжада системанын мүмкүнчүлүгү кыйла күчөтүлѳт.

Жакында “Түндүк” иштебей калганы — эл шашылып, бир учурда өтө көп адам системага кирип алгандыктан, чоң жүктөм болду. Ошол жүктөмдү система (сервер) көтөрө албай калды.

Бул маселени дагы толук жөнгө салуу боюнча иштер улана берет.

Ошондуктан баарыңыздар эски ID-паспорт менен айдоочулук күбөлүктөрүңүздөрдү толук алмаштырып алыңыздар.

Келечекте Кыргызстандын жараны дегендерден дүйнөлүк коомчулук эч күмөн санабагандай болуш керек. Биздин өлкөдө жана биз жөнүндө мындан ары жасалма деген “кара сыя” болбош керек.

Маектешкен Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

6