Кечээ, 29-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун тергөөчүсү маркум Чыңгыз Абдыраевди аткан ИИМдин Патрулдук кызмат башкармалыгынын инспекторун УКМКнын тергөө абагына киргизди. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирген.
Алардын айтымында, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында инспектор Д.Ж. соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагында эки ай камакта болот.
Эске сала кетсек, 27-августтун кечинде Милициянын патрулдук кызматынын кызматкери жол эрежесин бузган Чыңгыз Абдыраевди кызматтык куралы менен жүрөк тушуна аткан. Ал ошол жерден жан берген. Окуя саат 21:00 чамасында Имам Сарахси борбордук мечитинин жанында болгон.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, айдоочу менен жол тескөөчүнүн ортосунда оозеки жаңжал чыккан. Бир нече мүнөттөн кийин милиционер кызматтык куралын алып чыгып, Абдыраевге ок чыгарган.
Ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тергеп жатат. Кызматкер киши өлтүрүүгө айыпталууда. Ушул эле окуяга байланыштуу Бишкек ШИИБде иштеп жаткан командирдин орун басары А.Н., Бишкек ШИИББнин Милициянын патрулдук кызматы полкунун 2-ротасынын 3-взводунун кенже инспекторлору Б.Э. жана Б.А. кызматтык абалдарын кыянаттык менен пайдаланган деген жүйөө менен кармалышкан.