Ар кыл адам жанашкысы келди мага. Эркек катары күчтүү, беттегенин бербеген, физикалык жактан да, духу да күчтүү, чөнтөгү да жакшы адам жолукту, бирок көкүрөгүмдү көкүрөгү окуй алган жок. Сезимдик деңгээлде байланыша алган жокпуз. Байы да, бийлиги да колунда бар адамдар жолукту, бирок алардын колундагы дөөлөтүнөн, коомдогу бийик даражасынан сырткары мага бере турчу эч нерсеси жок экен. Сулуу, керилген өң десең өңү, түс десең түсү ийги адамдар жолукту. Чырайын чын эле чайга чылап ичпейт экенсиң.
Адам адамды байлыгынан, бийлигинен, өңүнөн, төшөгүнөн тааныбайт экен! Адам адамды көкүрөгүнөн тааныйт экен. Көңүлүңдү тыңшай билген, сезимиңди окуй алган, бир толкундагы , көңүл кулпуңа , көңүл ачкычы төп келгени маанилүү экен! Ошол биринчи орунда , алдыңкы планда турат тура. А калган чырай, байлык , бийлик, ийгилиги , күчтүүлүгү жана башкасы кийинки фондо тура берет. Көңүлүңдү тыңшай албаганга тагдырыңды байлаш кыйын.
Кыздар, сенин сезимиң мн эсептеше алган, көңүлүңдү сыйлап, ишенимиңди бийик туткан, чын эле арзып калган адамыңдын этегин кое бербегиле!