7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖКга депутат болом дегендер 3-сентябрга чейин арыз бериши шарт

599

Саясий партиялар 3-сентябрга чейин үстүбүздөгү жылы 28-ноябрга дайындалган Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу тууралуу билдирүү бериши керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирет.

«Шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү дайындалгандан кийин (2021-жылы 3-сентябрь – билдирүү берүүнүн акыркы күнү) 5 күн ичинде КР мыйзамына ылайык, саясий партиялардан талап кылынган шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атын жана маалыматын көрсөтүү менен БШКга шайлоого катышуу тууралуу билдирүү бериши керек»,-деп айтылат маалыматта.

БШКдан белгилегендей, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүүгө мамлекеттик каттоодон же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар укуктуу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

600