7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айгүл Жапарова Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды

454

Биринчи айым Айгүл Жапарова Москва шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи айым Айгүл Жапарова “Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу” аттуу биринчи кыргыз-россиялык Аялдар форумуна катышуусунун алкагында Москва шаарындагы Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин (ММЛУ) Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты борборуна барды.

Борбор 2003-жылдан бери иштеп, ММЛУ менен Бишкек гуманитардык университетинин ортосундагы кызматташуу келишиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин колдоосунда түзүлгөн.

MМЛУ ректору Ирина Краева билдиргендей, университет 1930-жылы үч чет тилде өз ишин баштап, бүгүнкү күндө бул сан 38ди түзөт. Хинди жана суахили — 39 жана 40 тилдерди киргизүү иштелип чыгууда.

Кыргыз тили борборунун директору — доцент, филология илимдеринин кандидаты Жеңишгүл Хулхачиева. Анын негизги максаты – кыргыз тилин билген жогорку квалификациялуу адистерди сапаттуу даярдоо.

Борбордун ишинин негизги багыттары: россиялык студенттерге кыргыз тилин үйрөтүү, окуу-методикалык базаны өнүктүрүү, кошумча билим берүү программаларын жана кесиптик кайра даярдоо программаларын иштеп чыгуу, Россияда кыргыз тилин жана маданиятын жайылтуу, Россия менен маданий, ишкердик, чыгармачылык жана руханий байланыштар чыңдоо жана башкалар.

Аталган борбордун жетекчиси Жеңишгүл Хулхачиева студенттер кыргыз тилин жана маданиятын абдан кызыгуу менен окуп жатышканын, Кыргызстанга барууга дилгир экенин белгиледи.

Айгүл Жапарова Борбордо студенттерди кыргыз маданиятына, кыргыз элинин каада-салтына жакындатуу, ар бир студент окуган жылдарын эстеп калуу максатында түзүлгөн шарттарды чоң канааттануу менен белгиледи.
Биринчи айым профессордук-окутуучулар жамаатына Кыргызстан, анын маданий жана руханий баалуулуктары жөнүндө билимдерди жайылткандыгы үчүн, ошондой эле кыргызстандык студенттерге ММЛУда квота менен окуу мүмкүнчүлүгүн бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Университетке баруунун алкагында Айгүл Жапарова ММЛУнун Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.

Биринчи айым ушул эле күнү Россиянын Коомдук палатасына барып, “Боорукердик айлампасы” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуу жүрүшүндө эмгек мигранттарынын маселелери, ийгиликтүү тажрыйбаларды алмашуу мүмкүнчүлүктөрү, түрдүү тармактардагы, атап айтканда фонддордун иши боюнча тажрыйбалар талкууланды.

Фонддун жетекчиси, Коомдук палатанын мүчөсү, протоиерей Александр Ткаченко “Боорукердик айлампасынын” ишмердүүлүгүнө токтолду. Фонд Россиянын Президентинин демилгеси менен өмүрүнө коркунуч туудурган оор жана өнөкөт оорулары, анын ичинде сейрек оорулары бар балдарга медициналык жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн.

Аны каржылоо жарандардын белгилүү категориясы үчүн салыктын ставкасын жогорулатуу жолу менен камсыздалат.
Ошондо, Фондго түшкөн каражаттар социалдык элдик бюджет деп аталат.

Баарлашуунун жүрүшүндө Фонддун өкүлдөрү Кыргызстандык кесиптештери менен билим, тажрыйба алмашуу, биргелешкен семинарларды, өз ара макулдашуу боюнча аныкталган адистер категориясы үчүн вебинарларды өткөрүү максатында кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Кайрымдуулук иштери жаатында кызматташууну түзүү сунушу колдоого алынды. «Эне — балага тирек» Коомдук фонду менен «Боорукердик айлампасы» Коомдук фондунун ортосунда кызматташууну орнотуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

455