7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Энелер, эже-кырындаштар — Ааламга нур чачкан берекесиңер»

505

Президент Садыр Жапаров өлкө айымдарын 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

“Урматтуу асылзат айымдар!

Ардактуу ак саамайлуу энелер, эже-карындаштар!

Баарыңыздарды мээрим чачып кирип келген көктөм жаздын жарчысы – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктаймын.

Жаз майрамында жагымдуу маанай тартуулап, ар бир үйдүн куту болгон аялзатына жылуу мамиле жана сый-урмат көрсөтүлүп өзгөчө белгиленип келет.

Жашоого ченеми жок кубат берип, чексиз бакыт тартуулаган энелерибиз – ааламга нур чачкан берекесиңер. Эже-карындаштарыбыз болсо ошол береке-кутту бекем кармап, эне жолун улап, аялзатынын аруулугун алып келе жатасыздар.

Байыртадан эле нарк билги кыргыз журтчулугунда «Эне бир колу менен бешик терметсе, экинчи колу менен аалам терметет» деп айтылып келген. Ата салтын азыркыга чейин сактап, улуттун келечеги энелердин колунда, деп кыргыз аялзатынын коомчулуктагы орду жогору бааланат. 

Бүгүнкү күндө Кыргызстан айымдары өлкө келечеги болгон жаш муундун мыкты тарбиячысы, үй-бүлөнүн куттуу очогу эле болбостон, коомдук-саясий абалга да батыл аралашып, мамлекеттин өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп келет.

Кыргызстандагы аял лидерлерди алдыга сүрөө жана колдоо максатында алардын мамлекеттик башкаруудагы ролун арттыруу саясатында кардиналдуу чаралар көрүлөрүн белгилеп кетейин.

Урматтуу аруузат айымдар!

Тарыхыбызда даңкы таш жарган, кыраакы каныша атыккан Курманжан датка энебизден үлгү алуу менен өз заманыңыздардын татыктуу асылзаттары болосуздар деп бекем ишенем. Ар дайым бакыттын туу чокусунда болуп, жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, бар болуңуздар, Кыргызстандын кымбаттуу айымдары!

Сиздерди жаз майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктаймын. Сиздерге чың ден соолук, түгөнгүс бакыт, үй-бүлөңүздөргө береке тилейм!”,- деди өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

506