ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкерлери айымдарды майрамы менен куттуктады.
Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматында жүргөн кызматкерлер, айымдарды майрамы менен куттуктап, гүлдесте тартуулашты!
Белек алган айымдардын жүзүндө жылмаюу пайда болуп, кызматкерлерге ыраазычылыгын билдиришсе, энелер ак батасын беришти.
Аялзаты абдан назик болгону менен дүйнөнү тиреп турган чоң күч. Алар ар дайым сулуу жана мээримдүү. Эч качан көзүңүздөрдөн жаш төгүлбөй, бакыттын нурун чачып жүрө бериңиздер. Майрамыныздар менен урматтуу айымдар!