7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айгүл Жапарова Парижде I эл аралык кинофестивалдын ачылышына катышты

546

Өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова Парижде (Франция) ЮНЕСКОнун колдоосу астында өтүп жаткан Cinema Heritag 1-эл аралык кинофестивалынын ачылыш аземине катышты.

28-ноябрда ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында өткөн иш-чарага ЮНЕСКОнун башкы директорунун Африка жана тышкы байланыштар боюнча орун басары Энтони Охеменг-Боама, дүйнөлүк кинорежиссерлор, анын ичинде кытайлык легендарлуу режиссер Чжан Имоу, түрк кинорежиссеру, Берлин кинофестивалынын жогорку сыйлыгы «Алтын аюунун» ээси Семих Капланоглу жана башкалар да катышты.

Аталган кинофестивалдын финалына кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын “Эсимде” тасмасы өткөн.

Кошумчалай кетсек, бул күндөрү Париждин ири кинотеатрларында кыргызстандык режиссерлордун – Cinema Heritage программасынын катышуучуларынын тасмалары көрсөтүлүүдө.

Жаңы эл аралык кинофестивалдын негизги максаты – ЮНЕСКОнун идеяларын ээрчип, жаңы реалдуулуктарды жана образдарды ачуу, жаңы таланттардын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү, өзгөчө кино тили аркылуу өлкөлөр, элдер, муундар жана доорлор ортосунда байланыш түзүү.

Cinema Heritage кинофестивалынын негиздөөчүлөрүнүн бири Кыргызстандын Франциядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер-Нияз.

547