7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айгүл Жапарова «Витебсктеги Славян базары» фестивалынын ачылышына катышты

483

Биринчи айым Айгүл Жапарова 11-июлда беларус тараптын чакыруусу боюнча ардактуу мейман катары «Витебскдеги Славян базары» XXXIII Эл аралык искусство фестивалынын ачылышына катышты.

Салтанаттуу иш-чараны Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко ачты, андан соң белгилүү аткаруучулардын жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда гала-концерт болду. Быйыл Кыргызстандын атынан бул фестивалга 14 жаштагы Раяна Алибаева катышууда, ал улуттук тандоо турунун жеңүүчүсү, ошондой эле ар түрдүү эл аралык жана республикалык жаш таланттар сынактарынын катышуучусу жана байге ээси болуп саналат.

«Славян базары» — 1992-жылдан бери Витебск шаарында жыл сайын өтүп келген эл аралык искусство фестивалы. «Славян базары» фестивалынын флагштогунда Кыргызстандын туусу Словакия, Литва, Түркия, Болгария, Югославиянын желектеринин катарында алгачкы ирет 1993-жылы илинген.

Фестивалдын алкагында ырчылардын, балдардын музыкалык сынагы өткөрүлөт. Фестивалдын программасында музыка, театр, кино, көркөм сүрөт искусствосунун жана элдик кол өнөрчүлүктүн түрдүү жанрлары камтылган. Чыгыш Европадагы ири фестивалдардын бири. Фестивалга Чыгыш Европанын, Борбор Азиянын, Африканын жана башка дүйнө өлкөлөрүнүн артисттери катышууда.

484