7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандагы ТОП-8 көл: Көз жоосун алган көлдөргө саякат

1387

Кыргызстан өзүңүздөргө белгилүү болгондой асман тиреген чокулары, кооз өрөөндөрү, мөңгүлөрү, дарыялары жана көлдөрү бар тоолуу өлкө. Алардын ичинен өзгөчө көлдөрдү, тоо көлдөрүн сөз кылууга арзыйт. Кыргызстандын аймагында 2000ге жакын ар түрдүү тектоникалык, дамбалуу, мөңгү жана карсттык көлдөр бар. Кооздугу жана көп түрдүүлүгү менен дүйнөнүн бардык туристтерин өзүнө тартып турган уникалдуу жаратылыш берметтери тууралуу бул чыгарылышта сөз кылабыз.

ЫСЫК-КӨЛ

Тянь — Шандын бермети — Ысык-Көл Кыргызстандагы эң чоң, тоолуу жана туздуу көл болуп эсептелет. Ал деңиз деңгээлинен 1608 м бийиктикте жайгашкан жана тереңдиги боюнча дүйнөдө жетинчи орунду ээлейт (эң терең жери 668 м). Ысык-Көлгө 80ден ашык агын суу келип кошулат. Тоо арасында жайгашкан көлдүн тарыхта түрлүү аттары сакталып калган. Ысык – Көл «жылуу көл» дегенди билдирет. Анын «Туз – Көл» деген аты болгон. Андан кийин «Тимур – ту – Нор» деп да аташкан.

Бул «темирлүү көл» деген маанини берген. Ысык-Көл өзгөчө, жаздын келиши менен көркүнө келет. Анда түрдүү келгин куштар учуп келишип, уя салышат, жумурткалашат, балапан чыгарышат. Башка өлкөлөрдөн туристтер, альпинисттер жана саякатчылар келип турушат. Алар көлдүн кооздугуна, тунуктугуна, абанын тазалыгына суктанып кайтышат. Бул жерде климат мелүүн, абасы таза жана нымдуу. Ысык-Көлдүн туш тарабы тоолор менен курчалган. Күнгөй-Тескей Ала-Тоолору, аскасы асман тиреп өзүнчө бир көрктүү. Ысык-Көлдү даңазалап акындар далай жолу ыр жазышкан…

СОҢ-КӨЛ

Нарын облусунун түндүк-батыш жагында жайгашкан, чоңдугу боюнча Ысык-Көлдөн кийинки орунда турат. Деңиз деңгээлинен 3016 м бийиктикте жайгашекан. Соң-Көлдү көркүнө чыгарып көлдү айландыра курчаган тоо кыркалары, жылга жыбыттарынан агып түшкөн мөлтүр тунук кашка суулары, асман тиреген аскалуу чокулары курчайт. Көлгө ар тарабынан 20дан ашуун агын суулар куюп анын деңгээлин төмөндөтпөйт. Көгөргөн көлдүн айланасында ар түрдүү чөптөр өсүп, кызыл-тазыл гүлдөр менен саймаланып эң эле кооз көрүнөт.

Сөң-Көлдө сууда сүзүүчү жана саз канаттууларынын 66 түрү жашайт. Эгер сиз чыныгы көчмөн турмушту сезгиңиз келсе, ал жерде жергиликтүү тургундар кийиз менен жылууланган улуттук кыргыз боз үйүн кубаныч менен ижарага беришет. Айтмакчы, көлгө жакын жерде эч кандай имарат жок. Бул аймакта абанын температурасы жайында күндүз +15°C ашпайт… Соң-Көлдүн жээгинде ат мингенди, балык уулаганды үйрөнсө да болот. Бул жерге Бишкек шаарынан унаа менен 6-7 саатта жетүүгө болот. Жолдун көпчүлүк бөлүгү жакшы абалда, бирок жолдон чыгуу үчүн айрым шарттар да бар. Жол кооз адырларды аралап өтөт. Айта кетчү нерсе, Соң-Көлдүн кооз панорамаларын батыш жээгинен гана көрүүгө болорун эстен чыгарбоо керек.

ЧАТЫР-КӨЛ

Нарын облусунда жайгашкан, түштүгүндө Торугарт тоо кыркалары, түндүгүндө болсо, Ат-башы тоо кыркалары курчайт. Бул тоо кыркаларынын мөнгүлөрдөн эрип аккан суулар жерден сызылып чыккан булак сууларына кошулуп Чатыр-Көлгө куюп турат. Жалпысынан алганда көлгө 50дөн ашуун суу куят. Чатыр-Көлдүн тереңдиги 7 метрден 20 метрге чейин жетет, жапайы канатууларга бай.

Кышкысын катуу сукка байланыштуу көл бети 1 метрден ашуун калың муз менен капталып, май айларында эрип, көл бети ачылат. Чатыр-Көлдө сууда сүзүүчү канаттуулардын 30га жакын түрү уялайт. Көлдүн жээк зоналары саздак жерлер катары таанылып, дүйнөлүк мааниге ээ. Миңдеген келгин канаттуулар бул жерге токтойт. Ошол эле учурда Чатыр-Көлдүн суулары таптакыр балыксыз. Көлдүн жанында бак-дарактар ​​жок, бирок бул жерде көптөгөн өсүмдүктөр бар. Өскөн чөптөрдүн көбү дарычылык касиетке ээ, ысык булактар ​​бар. Чатыр-Көлгө баруу үчүн чек арачылардан атайын уруксат алуу керек. Анткени коруктун аймагында Кызыл китепке кирген ак илбирс, кызыл суур жана тоо текелер жашайт.

САРЫ-ЧЕЛЕК

Сары-Челек көлү Бишкектен 500 чакырым, Оштон 300 чакырым алыстыкта ​жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 1873 м бийиктикте. Коруктун климаты Кыргызстандын башка аймактарына салыштырмалуу нымдуу жана мелүүн. Курт-кумурскаларды сүйгөндөр бул жерден көптөгөн кызыктуу нерселерди таба алышат.

Уламыштарда бал челекчи көлдүн жээгине барып, балды чөмүч менен куюп жатып, анын өңүнө суктанат. Көлгө «Сары-Челек» деп ат коюуну чечкен. Бирок  күзүндө бак-дарактардын баары саргайып, көлгө сары түс бергенден улам «Сары-Челек» деп атап коюшкан.

 

КӨЛ-СУУ

Кел-Суу көлү (Келсуу) Кыргызстандагы эң кооз көлдөрдүн бири. Кел-Суу Нарын районунун Аксай өрөөнүндө жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 3500 м бийиктикте жайгашкан көл 1980-жылдардагы жер көчкүдөн кийин жаралган. Пайда болгон чөйчөк — бир тарабы тик аскалар, экинчи жагынан Сары-Белес тоосу менен чектелип, мөңгүлөрдүн эришинен улам толо баштаган. Көлдүн узундугу 9 чакырым, туурасы 500 метрден 2000 метрге чейин жетет. Бирок тереңдиги болгону 5-10 метрди түзөт. Көл Кытай менен чек арадан 20 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан. Бул жерге жетүү үчүн эки чек ара бекетинен өтүш керек. Андыктан атайын өтмөксүз көлгө баруу мүмкүн эмес.

Андан сырткары Кел-Сууга унаа менен барууга болбойт, маршруттун бир бөлүгүн ат менен же жөө басып өтүүгө туура келет. Ошого карабастан, бул жерге жыл сайын көп туристтер келет. Көлдө балык жок, бирок жакын жерде көптөгөн жапайы жаныбарлар жашайт. Ошондуктан сак болушуңуз керек. Бишкектин жана Нарындын тургундары көлгө кооз фотосессияга, ал эми туристтер керемет көрүнүш үчүн келишет. Баса, бул жерден аркарларды да көрө аласыз.

МЕРЦБАХЕР

Мерцбахер көлү Эңилчек мөңгүсүнүн түндүк жана түштүк бутактарынын ортосунда жайгашкан. Мерцбахер көлүнүн сыры — жыл сайын жай айларында пайда болуп, августтун тегерегинде Эңилчек дарыясына куят. Көл муз көпүрө аркылуу эки бөлүккө бөлүнөт жана көлдүн астыңкы бөлүгү агып кеткенде, үстүнкү бөлүгү дайыма сууга толуп турат.

Көл жылына эки жолу, жайында жана кышында агат, бирок көпчүлүк жайкы окуяны гана билишет. 1903-жылы немис окумуштуусу Готфрид Мерцбахер Хан-Теңириге жасаган экспедициясында биринчи болуп көлдү ачкан. Белгиленген жолдон чыгып, Бянкол ашуусу аркылуу Семенов жана Мушкетов мөңгүлөрүн бойлоп, Эңилчек мөңгүсүнөн бийиктикке чыгууга аракет кылган. Ал Хан-Теңирине жакындай алган жок, бирок Хан-Теңири мурда эсептелгендей тоонун шакекчесинин ортосунда эмес, кырда жайгашканын аныктай алган. Экспедиция азыр Мерцбахердин атын алып жүргөн сырдуу көлдүн ачылышы менен атактуу болуп калды. Мерцбахер көлү, балким, «жоголуп бара жаткан көлдөрдүн» эң атактуусу, бирок дүйнө жүзү боюнча дагы бир нече ушул сыяктуу көрүнүштөр бар. Исландияда, Швейцарияда жана Гренландия аралында окшош көлдөр бар жана Мерцбахер көлү гана агызуу убактысында ушунчалык так көрүнөт.

АЛА-КӨЛ

Ысык-Көл облусунда жайгашкан бийик тоолуу мөңгү Ала-Көл, Тескей-Ала-Тоо кыркаларынын бермети болуп эсептелет. Көл Алтын-Арашан жана Каракол капчыгайларынын ортосунда, Ысык-Көл ойдуңунун түштүк тарабындагы карлуу тоолор арасында жайгашкан. Бул кырка Тянь-Шандын мөңгүлөрүнүн экинчи чоң борбору.

Ала-Көлдөгү суунун өңү жылдын мезгилине, ал тургай суткасына жараша кызгылт-алтын, кочкул көк, кочкул кызыл, сары түстө болуп өзгөрүп турат. Көл деңиз деңгээлинен 3532 м бийиктикте жайгашкан. Анын узундугу 2,3 километр, туурасы 700 метр. Көлдүн тереңдиги толук изилдене элек, бирок окумуштуулар 70 метрден ашканын айтышууда. Жээк сызыгынын узундугу 7 километрди түзөт. Көлдөгү суу таза жана тунук болуп, мөңгүлөрдүн эришинен пайда болгон. Тоолорго жакын болгондуктан күздүн экинчи жарымында тоңуп, май айында гана эрийт. Суусу жайында да абдан муздак, бирок көздөгөн жерине жетип, ысыктан тажаган көптөгөн туристтер дагы деле муздуу сууда сүзүп келишет.

КӨЛ-ТӨР

Көл-Төр — тоо көлү Бишкек шаарынан 86 км алыстыкта​, Кыргыз кырка тоосунун түндүк капталында жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 2725 метр бийиктикте жайгашкан. Бул жерде сиз карагайлуу токой жана тоо гүлдөрүн аралап сейилдөөдөн ырахат ала аласыз, алар кийинчерээк арча бадалдары жана альп шалбаалары менен алмашат.

Көл-Төр жер титирөөнүн натыйжасында пайда болгон жана тосулган көл болуп саналат. Жылдын көпчүлүк бөлүгүндө көл тоңуп, жайында суусу 5 градустан ашпагандыктан сууга түшүүгө ылайыктуу эмес. Көл укмуштуудай «бирюза» түсү менен өзгөчөлөнөт. Көлгө баруучу жолдун узундугу бир багытта 8 чакырымды түзөт. Жол 3-5 саатка созулат.

 

1388