7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми таштандыны чар-жайыт төккөндөр камера менен көзөмөлдөнөт

511

Таштанды топтолгон жерлерге видеокөзөмөл камералары орнотулууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Алар курулуш, тигүү цехтеринин калдыктарын таштагандарды аныктоого жардамчы болот. Эреже бузгандардын видеолору мэриянын муниципалдык инспекциясына өткөрүлүп, анын негизинде айып пул салынат.

Таштанды челекке «жетпей калган» жеке жактарга (тиричилик таштанды үчүн) 5 500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып салынат. Ал эми өндүрүштүк, өнөр жай таштандысы үчүн жеке жактар 7 500 сом, юридикалык жактар 23 миң сом айыпка жыгылат.

512