7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айыл чарбасындагы ишканалар алгачкы жолу ири киреше менен чыгышууда

634

Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу жалпысынан 29 мамлекеттик ишкана болгон.

Бирок, 2023-жылы алардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында бириктирүү чечими кабыл алынган. Себеби, мамлекеттик ишканалар буга чейин кирешелүү болбой, чыгымга иштеп келген. Бириктирүүнүн натыйжасында ишканалар быйыл алгачкы жолу ишмердүүлүгүн 29 млн 480 миң сомдук киреше менен жыйынтыктаганы турат.

  • Балык чарба көлмөлөрүн эффективдүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында «Кыргыз балык чарбасы» мамлекеттик ишканасы түзүлгөн, 2024-жылы балык чабактарын жана товардык балыктарды өстүрүү боюнча өндүрүштүк ишмердиктен 842,4 миң сом өлчөмүндө кирешени күтөт, бул 2023-жылга салыштырмалуу 40%га көп.
  • «Кыргыз сорт сыноо станциясы» ишканасы фермерлерге ата мекендик жана чет элдик селекциянын акыркы жетишкендиктери менен таанышууга шарт түзүп, айыл чарбасында негизги ролду ойнойт. 2024-жылы ишкананын сорт сыноо тилкелеринде 1264 сорт сыноолор өткөрүлүүдө.
  • 2024-жылы, ишкана кирешесин 4 000 000 сомго чейин көбөйтүүнү пландап жатат, бул өткөн жылдагы кирешеден 190%га көп.

Ушул жылдын жыйынтыгы менен «Кыргызмамасылтукумзаводу» ишканасы 24 млн 644 миң сом киреше менен жыйынтыктаганы турат. Былтыр бул ишканалар 2023-жылдын жыйынтыгы менен эч кандай киреше көрсөткөн эмес.

Ошентип, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин бириктирилген мамлекеттик ишканалары кирешеге чыгып, ведомстводогу реформалык саясат оң жемишин берип жатат.

 

635