7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айлана-чөйрөгө кам көрүү – Кумтөрдүн артыкчылыктуу багыттарынын бири

282

Экологияга, айлана-чөйрөгө кам көрүү – Кумтөрдүн ишиндеги эң артыкчылыктуу багыттардын бири.

Алтын казып алуу ишинде да бардык эл аралык стандарттарды, талаптарды так сактоого өзгөчө көңүл бурулууда. Мындан тышкары, жергиликтүү жамааттардын экологиялык демилгерлерин кызуу колдоого алып, бул тармактагы долбоорлорду да активдүү ишке ашырып келет.

Акыркы 2 жыл аралыгында “Жашыл мурас” улуттук бак тигүү өнөктүгүнүн алкагында Кумтөр ишканасы Бишкек шаарынын, Ысык-Көл жана Чүй областарынын аймактарында 300 гектардан ашык жерге жүз миңдеген көчөттөрдү отургузду.

Туруктуу негизде ишмебилик акцияларын уюштуруп, Ысык-Көлдүн жээгиндеги жана ичиндеги тонналаган акыр-чикирлерди тазалап, 300дөн ашык таштанды таштоочу урналарды орнотуп берди. Ошондой эле Каракол шаарына жана Барскоон айылына таштанды ташуучу атайын техникалар сатылып алынды. Калдыктарды кайра иштетүү жана жок кылуу боюнча бир нече ири долбоорлор ишке ашырылды.

Айлана-чөйрөгө кам көрүү — мындан ары дагы Кумтөр ишканасынын эң маанилүү милдеттеринен болуп кала бермекчи.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

283