7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик цирк Маданият министрлигинин карамагынан чыгарылды

196

Кыргыз мамлекеттик цирки Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин курамынан чыгарылды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документке ылайык, цирк эми мамлекеттик ишкана болуп түзүлүп, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өтөт.

Циркти “Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки” мамлекеттик ишканасына айлантып, Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өткөрүү керек.

Токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Мекеме толугу менен өзүн-өзү каржылоого өтүп, уставы жаңыланат.

Аталган цирк 1976-жылы курулган. Ачылгандан бери имаратта биринчи жолу капиталдык оңдоо иштери өткөн жылы жүргүзүлгөн.

 

197