Улуттук статистика комитети республиканын 18 калктуу конушу боюнча негизги социалдык маанилүү продуктулардын орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторингин жүргүздү. Натыйжада эң кымбат аймактардын тизмеси жарыяланды.
2021-жылдын мартына карата абалы боюнча кумшекерге болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 64,36 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 10,14 сомго же дээрлик 19 пайызга өскөнүн көрсөттү.
Ошол эле учурда, кумшекердин чекене баалары ушул мезгилде орточо республикалык деңгээлден жогору болуп Исфана (бир кг үчүн 69,33 сом), Жалал-Абад (бир кг үчүн 67,84 сом), Ноокат (бир кг үчүн 67,39 сом), Кара-Суу (бир кг үчүн 67,33 сом) жана Баткен (бир кг үчүн 67,21 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми минималдуу баалар Токмок (бир кг үчүн 60,67 сом), Талас (бир кг үчүн 60,89 сом) жана Нарын (бир кг үчүн 61,94 сом) шаарларында катталды.
Үстүбүздөгү жылдын мартында өткөн айга салыштырмалуу республикада кумшекердин чекене баалары 4,34 сомго же 7,2 пайызга жогорулады.
Кумшекердин бааларынын эң жогору өсүшү үстүбүздөгү жылдын өткөн айга салыштырмалуу Ноокат — 18,8 пайызга, Чаек айылында — 13,2 пайызга, ошондой эле Баткен жана Кара-Балта шаарларында — 9,7 пайызга өскөнү катталды.