Кечээ, 1-апрель күлкү күнү, өткөн жылдарга салыштырмалуу өтө олуттуу жана талкуу жараткан тамашаларга бай болду. Алардын эң эле элдин ишенимин жараткандары атактуулар менен саясатчыларга байланышуу жаңылыктары болду өңдөнөт.
Ырчы Анжелика президенттик аппараттын басма сөз катчысы болуп дайындалды деген тамаша эң көп талкуу жарата алды. Бул билдирүүгө Анжелика: «Бирок мен бул кызматтан баш тарттым. Себеби көздөгөн максатым бирөө гана. «Биздин Эл» саясий партиясы менен биргеликте жетебиз», — деген жооп кылды.
Андан кийин эле көпчүлүкө майдай жаккан жаңылык желдей тарады. Анда коомдук транспорт каражаттарында туруп бара жаткан жүргүнчүлөр жол акысын төлөбөй койосо болору жазылган.
«Мэрия жол кире акысы боюнча көйгөйдү чечти. Коомдук транспортто туруп бара жаткан жүргүнчүлөр жол кире акысын төлөбөй эле койсо болот. Мындай чечим айдоочулардын өзгөчө маршруттук таксилердин айдоочуларынын ашыкча жүргүнчү албоо талабына баш ийбегендигинен улам кабыл алынган» -деп жазылган маалыматта. Андан соң жаңылык «Бүгүн, 1-апрель күлкү күнү. Баарыңыздарга жагымдуу маанай тартуулайбыз! Күлкү күнүңүздөр менен! Маршруткада күлүп жүрүңүздөр!»-деп жыйынтыкталып, көпчүлүктүн уртуна жылмаюу тартуулады.
Дагы бир көпчүлүк шоубизнес сүйүүчүлөрүнүн кубанткан жаңылык болуп, Орусияда концерттик турнер менен жүргөн ырчы Нурмат Садыров алып баруучу Айзада Жамгырчиеванын колун сурагандыгы болду. Алар кыска видеолору, сүрөттөрү менен бөлүшүп, окурмандардын ишеничин жаратууга күн бою аракет кылышты. Бирок, 2-апрелге караган түнү алар бул алдын ала даярдалган тамаша болчу деп актанышты.
Аябай көп куттуктоо келип жатат, буюрса ал күн дагы келет деген үмүттөбүз. Бирок экөөбүз чыныгы сахнадагы достордонбуз. Концерттин алдында экөөбүз сүйлөшүп алганбыз. Биздин тамашаны жүрөгүңүздөргө жакын кабыл алсаңыздар кечирим сурайбыз», — дешет алар.
Ага улай эле соцалдык тармактарда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев Жогорку Соттун төрагасы болду дешсе, Нурлан Мотуев министрлик кызматка дайындалды деген тамашалар жайылды. Ал эми айрым тамашакөй колдонуучулар, күтүүсүз жааган карды жаздын тамашасы деп баалашты.